Керлинг боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды

09:49, 01 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте керлинг боюнча Кыргызстандын биринчи чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Instagram баракчасында Керлинг федерациясы билдирди.

Чемпиондук үчүн «Чүй», «Жалал-Абад», «Ысык-Көл» жана «Нарын» командалары ат салышты.

Жыйынтыгында «Ысык-Көлдүн» спортчулары керлинг боюнча өлкөнүн алгачкы чемпиондору болду. Алар финалда «Нарын» командасын утуп алышты. Үчүнчү орун «Чүй» командасына ыйгарылды.

Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.