Кыргыз киносу Казакстанда 1 миллион доллардан ашык акча чогултту

15:38, 29 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Режиссер Руслан Акундун «Бейиш — эненин таманында» аттуу тасмасы Казакстанда кассалык чогултуулар боюнча биринчи орунду ээледи. Маалымат коңшу өлкөнүн «Тикетон» билет сатуучу кызматынын сайтында жарыяланды.

Ал чет өлкөлүк тасмалардан алдыга озуп, төрт күндүн ичинде (21-марттан 24-мартка чейин) 1 миллион доллардан ашык чогултту. 

Фото

Тасмада акыл-эси 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган 35 жаштагы Адилдин таң калыштуу окуясы, эне мээриминин күчү баяндалат.