Кыргызстандын футзал курамасы Өзбекстан менен эки жолдоштук беттеш өткөрдү

14:47, 29 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын курама командасы Ташкентте эки жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын футзал ассоциациясы Instagram социалдык тармагында билдирди.

Кыргызстандыктар Өзбекстан курамасы менен беттешти.

26-марттагы алгачкы беттеш 2:2 эсебинде аяктаган. Эки голду тең атаандаштын дарбазасына Данияр Таалайбеков киргизген.

Кечээ курама командалар экинчи беттеш өткөрдү. Кыргызстандык спортчулар 2:6 эсебинде утулуп калды.