Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлүүдө

15:58, 28 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө жакынкы эки саат аралыгында жана кечинде катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. 

ӨКМ коопсуз жайларда болууга чакырды. «Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз 112 кызматына чалып, жардам сураңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат», — деп белгиледи мекеме.