12:58, 28 марта 2024, Бишкек - 24.kg
Республикалык иммунопрофилактика борбору маалымдагандай, жыл башынан бери өлкөдө кызамык оорусунун 6 миң 545 учуру катталды.
Мекеме кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жайылып жатканын билдирди. Бунун себеби — оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын арасында вирус кеңири жайылып жатат.
Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүдө. Кыргызстанда кызамык вирусуна каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды, ал Жалал-Абад облусунда өтөт. Эмдөөнү ҮМБ/ҮДТ/ФАПтан жана билим берүү мекемелериндеги убактылуу эмдөө пункттарынан акысыз алууга болот.
Бардык башка облустарда кызамык-паротит-кызылчага (КПК) каршы пландуу эмдөөнүн алкагында кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө иштери күчөтүлдү. Кызылча менен кызамыкка каршы вакцинанын кошумча дозалары келгенине жараша өлкөнүн калган аймактарында да кошумча эмдөө башталат.