Караколдогу «Бугу» жана «Макиш» базарлары мамлекетке өттү

10:43, 28 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарларынын ээси Р.А.Т. кармалды. Бул жөнүндө УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал узак мезгил бою базарларда иш жүргүзгөн ишкерлерден акча каражаттарын чогултуп, ошону менен бирге алынган реалдуу пайданы фискалдык органдардан жашырып келгендиги аныкталган.

УКМКнын басма сөз кызматы
УКМКнын басма сөз кызматы
УКМКнын басма сөз кызматы

Финансылык ишмердүүлүктө көптөгөн мыйзам бузуулар такталган. Анын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында базарлар ыктыярдуу түрдө Каракол шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди. Базарладрын жалпы аянты 1,14 гектарды түзөт, ал эми наркы 233 миллион сомдон ашык.