Улуттук олимпиаданын жыйынтыктоочу этабына 125 окуучу өттү

09:54, 28 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиаданын төртүнчү туруна 125 окуучу өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, олимпиаданын жыйынтыктоочу этабы 30-марттан 5-апрелге чейин өткөрүлөт.

Олимпиаданын биринчи жана экинчи турлары онлайн режиминде болгон. Жыйынтыктоочу этабы офлайн өткөрүлөт. Үчүнчү турга 541 окуучу катышты.