Азия жана Океания кубогу. Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттарына утулуп калды

09:40, 28 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия жана Океания кубогу өтүп жатат.

Хоккей федерациясы Instagram баракчасында билдиргендей, Кыргызста курама командасы Бириккен Араб Эмираттарына 4:6 эсебинде утулуп калды.

Фото

Буга чейин кыргызстандык кыздар Филиппин (4:7) жана Иран (0:6) курамалары менен ойноп, жеңилүү ызасын тартышкан.

Эскерте кетсек, турнирге беш курама катышып жатат.

30-мартта Кыргызстдын курамасы индиялык хоккейчилер менен ойнойт.