Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Газпромбанктын» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алексей Матвеев баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Акылбек Жапаров 22-мартта «Крокус Сити Холлдо» болгон трагедияга байланыштуу россиялык делегацияга көңүл айтты.
Тараптар республиканын энергетика, жол куруу, мамлекеттик сатып алуулар, банктык коштоо, лизингдик кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорун каржылоо маселелерин талкуулашты.
Акылбек Жапаров бул жолугушуу Кыргызстан менен «Газпромбанктын» мындан аркы эффективдүү өз ара аракеттенүүсүнө кошумча түрткү берерин белгилеп, эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө башка инструменттерди киргизүүгө даяр экендигин билдирди.
Алексей Матвеев биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө токтолуп, банктык коштоо жана лизингдик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү учурларга өзгөчө көңүл бурду.