Кыргызстанда малдарды эмдөө иштери башталды

13:04, 27 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда  малдарды эмдөө иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык эпизоотияга каршы бекитилген пландын негизинде шарп, сибирь жарасы, кой-эчкилердин кыргын, күл ылаңдарына каршы вакциналар жана жылкылардын маңка ылаңына каршы диагностикумдар жер-жерлерге таратылып берилди.

«Аталган вакциналар мамлекет тарабынан бекер камсыздалат, мал ээлери жеке ветеринардык адистин кызмат акысын гана төлөйт», — деп белгиледи мекеме.