ТИМ: Кыргызстандын 40 жараны Орусиянын аймагына киргизилген жок

11:18, 27 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын 40 жараны Орусиянын аймагына киргизилген жок. Тышкы иштер министрлиги бул жарандар жакынкы каттамдар менен өлкөгө алынып келинерин билдирди.

Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктар азыр Москванын аэропортунда.

ТИМ белгилегендей, 26-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери Шереметьево (Москва) аэропортуна барып, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери жана «Аэрофлот» авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жарандар тамак-аш жана суу менен камсыз болуп жатканы маалымдалды. 

Буга чейин ТИМ кыргызстандыктарды Россияга барбай турууга чакырган.