13:37, 26 марта 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын билим берүү эгемендиги бар. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, донорлор 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнү таңуулашкан жок.
«Бирок биз БУУнун мүчөсү экенибизди эске алышыбыз керек. Балким акыркы класстарды керектүү жабдуулар менен жабдуу үчүн гранттарды алышыбыз мүмкүн. Азыр биздин экономикабыз өз алдынча жана чечимдер мамлекет тарабынан автономдуу түрдө кабыл алынат», — деди министр.
Белгилей кетсек, билим берүүнүн жаңы модели боюнча 1-5-класстар башталгыч, 6-9-класстар орто жана 10-12-класстар жогорку класстар болуп эсептелет. Жогорку класстын окуучулары ашпозчу, слесарь, электрик сыяктуу кесиптерди өздөштүрө алышат. Бул үчүн жабдуулар керек.