УКМК Азим Ройдун жубайына издөө жарыялады

11:59, 26 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Азим Ройдун жубайына сыртынан айып тагылып, издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) жана криминалдык элемент Азим Рой тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы аныкталды».

«Камчыбек Асанбек менен Азим Рой «L.А.» жана «R» ЖЧКсын негиздеп, Бишкек шаарынан жер тилке каттатып, ага кеңселери жана кампалары бар коммерциялык имарат курушкан. Ошол эле учурда Камчыбек Асанбек жана Азим Рой өздөрүнүн иш жүзүндөгү ээликтерин жашыруу максатында аталган ишканалардын акцияларын жакын туугандарынын атына, анын ичинде Азим Ройдун жубайына катташкан. Мындан тышкары, уюштуруу курамына чет өлкөлүк инвестор деген ат менен Азим Ройдун аффилирленген адамы — Литва Республикасынын жараны К.Г. киргизилген», — жазылган маалыматта.

УКМКнын басма сөз кызматы
УКМКнын басма сөз кызматы
УКМКнын басма сөз кызматы

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө башка уюштуруучулар аталган кыймылсыз мүлк Азим Рой менен Камчыбек Асанбекке таандык экендигин тастыкташты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, УКМК былтыр ноябрда Кыргызстанда Орозахун Сайдазимов деген ат менен белгилүү болгон ишкер Азим Ройго Камчы Көлбаев менен байланышы үчүн издөө жарыялаган.