Таласта 30 гектарга жакын токой өрттөнүп кетти

11:12, 26 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында токойдон чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт саат 23:43тө чектөөгө алынып, 00:40та толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана жаракат алгандар жок. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 25-30гектарды түздү.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылаган.

ӨКМ
ӨКМ