10:49, 26 марта 2024, Бишкек - 24.kg
Мектепке электрондук каттоо 8-апрелде башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, электрондук каттоо автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.
Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.
Электрондук каттоого тууралуу суроолор боюнча call-центрге 110 номери аркылуу 8-апрелден баштап саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот. Түшкү тыныгуу: саат 12:00-13:00 арасы.