Кыргызстанда электр энергиясын керектөө түзүмү өзгөрүүдө

16:51, 25 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда акыркы жылдары электр энергиясын керектөө түзүмү өзгөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев XIII «Атомэкспо» форумунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө электр энергиясын керектөөнүн 50-55 пайыздан ашыгы калкка туура келет. Бирок бул көрсөткүч төмөндөп жатат.

«Акыркы жылдары электр энергиясын керектөөнүн өсүшү орто эсеп менен 8-10 пайызды түзүп жатат. Башка керектөөчүлөр көбөйүүдө. Экономика өнүгүп, өнөр жай дагы өсүп жатат», — деди Таалайбек Байгазиев.

Буга чейин өлкөдөгү электр энергиясынын болжол менен 80-85 пайызын калк керектейт деген маалыматтар айтылган.