Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт

14:24, 25 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын айрым жолдоруна кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, 25-марттан 28-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Мындан улам жолдор тайгак болуп муз тоңот. Алар:

  • Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-113 чакырымдары (Чапчыма ашуусу),
  • Кызыл-Бел-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымы;
  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу) жана 198-260 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы).

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экендигин экскертти.