Административдик-аймактык реформанын натыйжасында Ош шаардык кеңешинин курамы 2,6 эсеге көбөйдү.
БШКнын маалыматы боюнча, мурда шаардык кеңештин курамында 45 депутат болсо, азыр 117 депутат болду. 20-мартта Ош шаарына кошулган Кара-Суу районунун айыл аймактарынын депутаттарынын катышуусунда Ош шаардык кеңешинин жаңыланган курамынын сессиясы болуп өттү.
Ош шаарына пилоттук режимде төмөнкү айылдык аймактар кошулду:
- Кызыл-Кыштак айыл аймагы (калкынын саны — 42 миң 207, мандаттарынын саны — 31);
- Төлөйкөн айыл аймагы (калкынын саны — 32 миң 256, мандаттарынын саны — 31);
- Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жим жана Жийделик айылдары (калкынын саны — 12 миң 877, мандаттарынын саны — 7);
- Шарк айыл аймагынын Имам-Ата айылы (калкынын саны — 5 миң 209, мандаттарынын саны — 3);
- Папан айыл аймагынын Ак-Буура 1, 2, 3 жана 4 айылдары (калкынын саны — 1 миң 833).
Реформанын натыйжасында Ош шаарынын калкынын саны 361 миң 300 адамдан 454 миң 858 адамга жетти. Шаардык кеңештин депутаттарынын саны 117 (мурда 45) болду.
Ал эми республика боюнча жергиликтүү кеңештердин саны 484төн 268ге кыскарды.