Ошто жылуулук берүү токтотулду

10:20, 25 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Ошто жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

24-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулуп, кышкы жылытуу мезгили аяктады. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койду.

«Жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге кийинки жылуулук берүү мезгилине карата даярдык көрүү тапшырмасы берилди», — деп белгиледи мэрия.