17:31, 20 марта 2024, Бишкек - 24.kg
21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун, тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл», — деп билдирди мекеме.