15:00, 20 марта 2024, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда контрабандалык жүк ташылуучу жер астындагы тоннель табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, аталган тоннель Бек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн, тагыраагы Өзбекстандын чек арасына жакын жерден табылган.
«Тоннелдин тереңдиги 15 метрди, жалпы узундугу 130 метрди, ал эми бийиктиги 1,7 метрди түзөт. Аткезчилик каналын уюштурууга шектелип 1986-жылы туулган үйдүн ээси кармалды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмышка катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.