Таластын бюджетинде 300 миллион сомго жакын финансылык тартип бузуулар аныкталды

12:25, 19 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Таластын бюджетине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 292 миллион 211,7 миң сом финансылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылга карата Талас шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, шаардын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишине шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.

«Салык кодексинин 212-беренесин бузулган. 2022-жылдын жалпы жылдык кирешесине 283 миллион 542,6 сом болгон курулмалар жана имараттар (суу түтүктөрү) киргизилген эмес. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы кирешени бул суммага көбөйтүү менен Талас шаары боюнча МСКБга такталган отчет түзүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Мекеме Талас шаарынын мэриясынын бардык аудит жүргүзүлгөн түзүмдүк бөлүнүштөрүнө аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлгөнүн кошумчалады.