Кыргыз геология кызматынын директору алмашты

16:10, 18 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары — Кыргыз геология кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Медер Машиев бул кызматтан бошотулган Эмил Осмонбетовдун ордуна келди.

Эскерте кетсек, Медер Машиев «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсында иштеген. 2010-2014-жылдары «Жалал-Абад нефтини кайра иштетүүчү заводун» жетектеген. 2024-жылдын январында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары кызматынан бошотулган.