15:24, 18 марта 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 130-орунда турат. Жаңыланган тизме FIFA уюмунун сайтына жарыяланды.
Рейтингде 193 курама бар. Алдыңкы үчтүккө Испания, Англия, Франция кирет.
Белгилей кетсек, ФИФАнын рейтингинде Кыргызстандын футбол боюнча эркектер курамасы 104-орунда турат.