14:12, 18 марта 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ымыркайлар 15-мартта № 2 клиникалык төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келишкен.
«Бишкек шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 36 жумалыгында кесарево жолу менен үч эм төрөгөн. Бул анын төртүнчү төрөтү», — деп белгиледи мекеме.
Ымыркайлардын төрөлгөндөгү салмагы: кыз — 2 килограмм 40 грамм, эркек бала — 2 килограмм 270 грамм, эркек бала — 2 килограмм 940 грамм.
Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу, медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө.