16:37, 15 марта 2024, Бишкек - 24.kg
2024-жылдын эки айында «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн 26 миң 377 бала алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал үчүн 105,6 миллион сом сарпталган.
Министрликтен билдиришкендей, ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 4 миң сомду түзөт. Эгерде бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөт.
Жаран акча каражатын «РСК» жана «Айыл банктын» каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуу керек.
Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүү зарыл, себеби акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.