Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты. Кыргызстан экинчи дивизионго чыкпай калды

16:11, 15 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты уланууда (үчүнчү дивизион, А тайпасы). Беттештер «УТРК-Спорт» телеканалында түз эфирден көрсөтүлүүдө.

Төрт турдун жыйынтыгы боюнча Таиланддын курама командасы төрт оюнда жеңишке жетип, 12 упай топтоп, биринчи орунду ээледи. Турнирдин жеңүүчүсү гана экинчи дивизионго чыгат.

Ал эми Кыргызстандын курама командасы төрт турдан кийин 9 упайга ээ болду. Бүгүн ал Түштүк Африка курама командасы менен ойнойт, бирок жеңсе дагы Таиландга упай жагынан жете албайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын хоккейчилери Таиландга 9:4 эсеби менен жеңилип калган.