Эки айда 42,4 миллиард сом салык жана төгүмдөр чогултулду

10:49, 15 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь — февраль айларында 42 миллиард 453,4 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 1 миллиард 952 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,5 миллиард сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 30 миллард 796 миллион сом салык жана төлөмдөр, 11 миллиард 657 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду.