Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты. Кыргызстандын курамасы Мексиканы утту

10:40, 15 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты уланууда (үчүнчү дивизион, А тайпасы). Беттештер «УТРК-Спорт» телеканалында түз эфирден көрсөтүлүүдө.

Кечээ Кыргызстандын курама командасы Мексика командасын 9:4 эсебинде утуп алды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан таиланддык атаандаштарына 9:4 эсеби менен утулуп калган. Люксембург менен болгон беттеште биздин хоккейчилер 7:3 эсебинде жеңишке жеткен.

Кыргызстандыктар 16-мартта Түштүк Африка курамасы менен ойнойт.

Кыргызстандын курамасы азырынча экинчи орунда турат.

Эскерте кетсек, турнирдин жеңүүчүсү экинчи дивизионго көтөрүлөт.