Журналист Сюита Соурбаева УТРКнын башчысынын орун басары болуп дайындалды

10:13, 15 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Журналист Сюита Соурбаева УТРКнын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Улуттук телерадиоберүү корпорациясынан билдиришти.

Кечээ Сюита Соурбаева каналдын жамаатына тааныштырылды.

Фото "Азаттык". Сюита Соурбаева

Ал профессионалдык ишмердүүлүгүн 1999-жылы телеканалдарда иштөөдөн баштаган. «Ала-Тоо» маалыматтык-аналитикалык программасынын журналисти, КООРТ жаңылыктар кызматынын редактору, «Бешинчи каналда» программалардын алып баруучусу жана продюсери болуп иштеп, «ОшТрдин» гендиректору кызматын аркалаган. Ошондой эле «Медиа бийкеч» продакшн-студиясын жана «Таян.kg» маалымат агенттигин жетектеген.

2015-2019-жылдары мамлекеттик органдарда — Жогорку Кеңеште эксперт, Жогорку соттун басма сөз кызматынын жетекчиси, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген.

2019-жылы республиканын башкы каналына кайткан.