USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Депутаттар «чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты

13:28, 14 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары пленардык жыйында расмий түрдө «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору катары белгилүү болгон «чет элдик өкүл» (орус мыйзамындагы чет элдик агенттин аналогу) мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

66 эл өкүлү макул, 5сү каршы добуш берди. Алар Чыңгыз Айдарбеков, Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдиева, Эмил Токтошев жана Сеидбек Атамбаев. Мыйзам долбоору президентке кол коюуга жөнөтүлдү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы

Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана регламент боюнча комитети жабык эшик артындагы кезексиз жыйынында бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

24.kg агенттигине түшүндүрүлгөндөй, мындай чечим депутаттардын 18-марттан 1-апрелге чейин эс алууга кетип жатканы менен байланыштуу.

Эске салсак, 22-февралда депутаттар экинчи окууда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Аны менен демилгечилер «чет элдик өкүл» түшүнүгүн (Россиянын мыйзамындагы чет элдик агент сөзүнүн аналогу) киргизүүнү сунушташкан. 64 депутат макул, 5 депутат каршы добуш берген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика