15:29, 13 марта 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин үчүнчү жыйынына жүздөн ашык бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Кыргыз делегациясын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жетектеди. Күн тартибиндеги негизги маселелер өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунан инвестиция тартуунун алкагында биргелешкен ишкерликти өнүктүрүү болду.
Бул маселе боюнча фонддун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев уюмдун ишмердүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча баяндама жасады.
Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев белгилегендей, Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызматташууга бекем пайдубал түзүштү.
«Учурда мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүү 1 миллиард долларга жакынды түздү. Өткөн жылы бизнес-форумда Өзбекстандын президенти бул көрсөткүчтү 2 миллиард долларга жеткирүү милдетин койгон. Ал үчүн мамлекет башчылары товар жүгүртүүнү түзүүнү тапшырган. Бизнес үчүн жагымдуу шарттар, ачык жашыл коридорлор. Бул маселелер акырындык менен жакшы жагына чечилип жатат», — деди Темир Сариев.
Ишкерлер кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Кыргызстандын «Алайку Органикс» жана Өзбекстандын «Milk House» компаниясынын ортосунда тамак-аш азыктарын өз ара өндүрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Ошондой эле ишкерлердин B2B жолугушуулары өтүп, анда келишимдерге кол коюлуп, бир катар макулдашууларга жетишилди.