01:55
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

PISA-2025 тести орус, кыргыз жана өзбек тилдеринде өткөрүлөт

Кыргызстанда 15-апрелден 24-майга чейин 66 мектепте PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө даярдык көрүүнүн алкагында пилоттук тестирлөө өтөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ольга Брызгалова билдирди.

Анын айтымында, тандоо эл аралык уюмдар тарабынан жүргүзүлүп, тизме мектеп жетекчилерине жана аймактык билим берүү башкармалыктарына билдирилди.

 Тест санариптик форматта математика, окуу жана түшүнүү, табигый-илимий багыттары боюнча өткөрүлөт. Жыйынтыгы бир нече убакыт өткөндөн кийин белгилүү болот.

PISA тестинин менеджери Оңолкан Уманкулова изилдөөгө даярдык эки жыл мурун башталганын, бирок тандалып алынган мектептер бир нече жума мурун гана белгилүү болгонун белгиледи. Эми окуучуларды тандоо иштери жүрүп жатат.

Тестке 2008-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн 15 жаштагы окуучулар катышат, ар бир мектептен болжол менен 57 адам кирет.

«Азыр колдонула турган тесттерди ылайыкташтыруу жана которуу боюнча көп иштер жүрүп жатат. Пилоттук изилдөө 2024-жылы орус жана кыргыз тилдеринде, ал эми 2025-жылы боло турган негизги изилдөө өзбек тилинде да жүргүзүлөт», — деди Оңолкан Уманкулова.

PISA (Programme for International Student Assessment) — окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. 2025-жылы боло турган PISA сынагына болжол менен 100 өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө. Кыргызстан бул изилдөөгө 2006 жана 2009-жылдары катышып, акыркы орундарды алган.  

Эң көп окулган жаңылыктар