Улуттук банк интервенция жасап, 8 миллион 350 миң доллар сатты

11:25, 13 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Улуттук банк марттын башынан бери биринчи жолу интервенция менен валюта рыногуна чыкты. Бул жөнүндө банктын сайтында билдирилди.

Жалпысынан 8 миллион 350 миң доллар сатылды.

Жыл башынан бери Улуттук банк эки жолу интервенция жасап, 31 миллион 850 миң доллар сатты.

2023-жылы банк 14 интервенция жасап, 655,72 миллион доллар саткан.