УКМК: «Кристалл» заводу мамлекеттин менчигине кайтарылды

12:26, 12 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Таш-Көмүр райондук сотунун чечими менен «Кристалл» ачык акционердик коому мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, чечим Камчыбек Асанбектин (Көлбаевдин) аффилирленген жактары тарабынан активдерди жана мүлктөрдү мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кабыл алынды.

Малыматка ылайык, заводдун аймагында атайын «Компьютер Павер центр» ишканасы түзүлүп, ал 2019-жылдын май айынан 2020-жылдын октябрына чейин тийиштүү уруксат документтери жок эле майнинг-ферманы техникалык жабдуу иштерин аткарып келген.

«Аткаруучу директор катары Таш-Көмүр шаарынын тургуну О.М. көрсөтүлүп, ал эми финансы каражаттарын иш жүзүндө башкаруучу Т.А.К. (Камчыбек Асанбектин өкүл баласынын жакын адамы) болгон. Майнинг-ферманы ишке киргизүүнүн негизги максаты Камчыбек Асанбектин кылмыштуу структураларын каржылоо болгон. Ири майнинг-ферманын ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн «Аю-Холдинг» корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган, анын курамына «НурАлЭнерго» энергетикалык компаниясы кирип, ал «Кристалл» заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырып, муну менен Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого көмөк көрсөткөн», — деп белгиледи мекеме.

УКМКнын басма сөз кызматы
УКМКнын басма сөз кызматы
УКМКнын басма сөз кызматы
УКМКнын басма сөз кызматы

УКМК «Кристалл» мүлк комплекси банкроттук жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен «Компьютер Пауэр Центр» ЖЧКсынын менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.