2024-жылы социалдык коргоого кеткен чыгымдар 62,7 миллиард сомду түзөт

09:47, 12 марта 2024, Бишкек - 24.kg

2024-жылы социалдык коргоого кеткен чыгымдар 62,7 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу финансы министрлиги билдирди.

2021-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 1,75 эсеге же 26,9 миллиард сомго өстү.

«Мамлекеттик бюлджеттин олуттуу салымы калкты социалдык жактан коргоого жумшалат. Социалдык жактан коргоого чыгашалардын жылдан жылга көбөйүүсүнүн себептери: пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоого жана мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнүн өлчөмүн жогорулатууга багытталган», — деп билдирди мекеме.