Расмий эсепте ушул күндөрү электр энергиясын керектөөнүн орточо суткалык көрсөткүчү 61 миллион 117 миң киловатт саатты түзүүдө. Күн суук кезде ал 70 миллион киловатт саатка чейин жеткен.
Марттын башында Кыргызстанда эки негизги ГЭСти реконструкциялоого байланыштуу жарык өчүрүлө баштаган. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болгон.
Расмий маалыматка ылайык, Токтогул суу сактагычында учурда 7,5 миллиард метр кубдан бир аз ашуун суу бар. Адистер суунун көлөмү 6,5 миллиард метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтой турганын эскерткен.