ӨКМ эскертет: Кыргызстандын унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт
11:38, 11 марта 2024, Бишкек - 24.kg
11-марттан 13-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул туурлауу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алар:
- Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138 жана (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
- Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдары (Долон ашуусу);
- Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдары;
- Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдары;
- Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдары.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.