7-марттан тартып «ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу» жоопкерчилиги чектелген коому тейлеген № 12 автобус каттамынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы каттам боюнча 12-автобус Каралаев жана Ахунбаев көчөлөрү аркылуу 7-апрель көчөсүнө чыгып, андан ары эски схема менен Арашан айылына барат. Аталган каттамга күнүгө 20 автобус чыгат.
Мэрия мындай өзгөрүү шаардын коомдук транспорт тармагын оптималдаштыруунун алкагында болгонун белгиледи.