21:46
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров: Токтогул суу сактагычынан суу сатыш мүмкүн эмес

Токтогул суу сактагычынан суу сатыш мүмкүн эмес. Бул тууралуу Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде айтты.

Анын айтымында, бул сөз жөн гана түшүнүгү жок же популист адамдардын энергетиктерге жапкан жалаасы.

«Ал жерде онлайн камералар орнотулган. Баары түздөн-түз көзөмөлдө турат. Ким суу саткан болсо, ал абийирин сатып калсын демекчимин. Эгер жолун таап саткан болсо, андай кызматкерлер жазасыз калбайт. Өтө катуу жазасын алат», — деди ал.

Президент ошондой эле «Камбар-Ата- 1ди» долбоору тууралуу да айтты.

«Дүйнөлүк банк анын техникалык экономикалык негиздемесин жаңылоого каражат бөлүп берди. Техникалык экономикалык негиздемеси бүтсө, анын долбоорун баштайбыз. Бирок биз ар кимди карап олтурбастан, өзүбүздүн бюджеттен каражат бөлүп, 2 жылдан бери даярдык иштерин жасап жатабыз. Булар: жолдор, көпүрө, туннель жана башка иштер. Кудай буюрса, аяктап калдык. Бүтөрүбүз менен ГЭСтин өзүнүн курулушун баштайбыз. Бул ГЭС бүтсө, Орто Азиядагы ири ГЭСтердин бири болуп, Орто Азиянын электр энергиясынын эле эмес, суу көйгөйүн да чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан башка дагы бир топ ири ГЭСтердин Техникалык экономикалык негиздемеси даярдалууда. Жөн жаткан жокпуз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал пландар түзүлүп, келечек үчүн чара көрүлүүдө экенин кошумчалады. «Максатыбыз — келечекте электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айлануу. Болгондо да жашыл электр энергиясын экспорттойбуз», — деп жыйынтыктады президент.

Эң көп окулган жаңылыктар