«Асанбай» кичи районунда пландан тышкаркы оңдоо иштерине байланыштуу жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү. Бул тууралуу «Бишкек жылуулук тармагы» билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 9.00дөн 17.00гө чейин жылуулук жана ысык суу берилбейт.
«Бишкек жылуулук тармагы» убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.