Кытайда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө болуп, Кыргызстанда да сезилди

10:03, 06 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Кытайдын аймагында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөө бүгүн, 6-мартта саат 6:10до болгон.

Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Бедел айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышта, «Кумтөр» кен ишканасынан 72 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 125 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Кыргызстанда да сезилди. Бедел айылында жер титирөөнүн күчү 4 баллды, «Кумтөр» кен ишканасында 3 баллды түздү.