Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында жети өрт кырсыгы катталды

11:24, 05 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде жети өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас, Баткен облустарында бирден, Чүй облусунда эки, Жалал-Абад облусунда үч өрт кырсыгы чыккан.

Өрттү өчүрүү үчүн сегиз күжүрмөн эсеп тартылды.