Кипрдин университеттери Кыргызстандын жарандарына 17 стипендия берет
10:42, 05 марта 2024, Бишкек - 24.kg
Кипр Республикасынын университеттери Кыргызстандын жарандарына 2024-2025-окуу жылында 17 стипендия берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 11 стипендия бакалавр даражасын, 6 стипендия магистр даражасын алууга багытталган. Жогорку окуу жайларынын тизмеси:
- University of Cyprus — бизнести башкаруу боюнча магистр даражасы, бир стипендия — окуу акысын 70 пайызга чейин камтыйт. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 31-мартка чейин. Кененирээк маалыматты ссылка аркылуу алууга болот.
- Open University of Cyprus — магистратура, бир стипендия — окуу акысынын 100 пайызын жабат. Кененирээк маалыматты ссылка аркылуу алууга болот.
- Frederick University — бакалавриат, бир стипендия — окуу акысынын 100 пайызын камсыз кылат. Бакалавриат, төрт стипендия — окуу акысынын 50 пайызын жабат, магистратура, бир стипендия — окуу акысынын 100 пайызын камсыз кылат, магистратура, эки стипендия — окуу акысынын 50 пайызын төлөйт. Кененирээк маалыматты ссылка аркылуу алууга болот.
- UCLAn Cyprus — бакалавриат, эки стипендия — окуу акысын 50 пайыз жабат, 3 стипендия — окуу акысынын 40 пайызын камсыз кылат. Кененирээк маалыматты ссылка аркылуу алууга болот.
- University of Limassol — магистратура, бир стипендия — окуу акысын 100 пайыз жабат. Кененирээк маалыматты ссылка аркылуу алууга болот.
- American University of Beirut — Mediterraneo — бакалавриат, бир стипендия — 100 пайыз грант. Кененирээк маалыматты ссылка аркылуу алууга болот.