16:17, 04 марта 2024, Бишкек - 24.kg
Ош облусунун Өзгөн районундагы дээрлик жарым миллиард сомдук базар 5 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси жана 1 миң чарчы метр административдик имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Аталган объекттинин базар баасы 470 миллион сомду түзөт», — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.