14:04, 04 марта 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 12:22де Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Бишкек шаарында 3,5 баллга (Казахстан Республикасынын Алматы шаарынан 40 чакырым түштүккө, Бишкек шаарынан 190 чакырым түндүккө) чейин сезилген.
«Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет», — деп билдирди мекеме.