Басылма белгилегендей, АКШнын бийлиги мыйзамсыз миграциянын күчөшүнө тынчсызданып, мигранттар өлкөгө коркунуч жаратышы мүмкүн деп кооптонууда.
АКШдагы башпаанек сурап кайрылгандардын арыздарына анализ кылган коммерциялык эмес (TRAC) уюмдун маалыматы боюнча, учурда бери дегенде эле 40 миң борбор азиялык жаран сотту күтүп жатышат. Алардын 17 миңи Өзбекстандын, 7 миңи Кыргызстандын, 3 миңи Тажикстандын, 2,7 миңи Казакстандын жана 2 миңи Түркмөнстандын жарандары.
Стив Дэйнс чек арадагы мигранттарга байланыштуу кризис тууралуу АКШнын президенти Жо Байденге кат жазып, чара көрүүгө чакырган. Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, расмий маалыматтарга ылайык, Байден бийликке келген 2021-жылдан тартып АКШнын чек арасынан 7,3 миллион мигрант мыйзамсыз өткөн.