14:30, 01 марта 2024, Бишкек - 24.kg
4-марттан 7-мартка чейин EPS программасы боюнча тестирлөөгө онлайн каттоо жүргүзүлүп, Корея Республикасында ишке орношууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалымдайт.
EPS программасы талапкерлердин корей тилин билүү деңгээлин жана кесиптик көндүмдөрүн текшерүүнү, ошондой эле иш берүүчүлөрдү табууга жана керектүү документтерди толтурууга көмөк көрсөтүүнү камтыйт.
Тестке катышуу үчүн www.migrant.kg расмий сайтында катталып, төмөнкү документтерди электрондук түрдө тапшыруу керек:
«Бардык документтер түшүнүктүү жана окула турган болушу керек. Төлөмдүн квитанциясы өзүңүзгө сакталып, тестирлөө күнү борборго тапшырылат», — деп билдирди мекеме.
Тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында өтөт. Каттоодон өтүүдө тиешелүү шилтемени тандоо керек: «Бишкек шаарына каттоо» же «Ош шаарына каттоо».
Арыз бир жолу кабыл алынат, бардык дубликаттар жокко чыгарылат.
EPS программасы тууралуу кошумча маалыматты www.migrant.kg сайтынан же