10:15, 01 марта 2024, Бишкек - 24.kg
Тогузунчу эл аралык «Шериктештик балдары» маданий-агартуу форуму жайында Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Telegram-каналында билдирилди.
КМШ өлкөлөрүнөн келген катышуучулар 25-июндан 4-июлга чейин Чолпон-Атада шаарында Ысык-Көлдүн жээгинде болушат. Алар өздөрүнүн улуттук каада-салттарын жана үрп-адаттарын презентациялар аркылуу таанытышат.
Иш-чаранын программасында көргөзмөлөр, мастер-класстар, спорттук мелдештер, интеллектуалдык оюндар, билим берүү тренингдери, музыкалык конкурстар, искусство кечелери бар.
«Долбоордун негизги максаты балдарды жана жаштарды ынак коңшулук жана кызматташтык рухунда тарбиялоо үчүн интернационалдык аянтчаны түзүү», — деп билдирди КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы.
Белгилей кетсек, форум 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. Эң биринчи жолу Кыргызстанда болгон, андан кийин Россия менен Өзбекстанда өткөрүлгөн.