Айыпталуучуга жашыруун телефон берген тергөө абагынын кызматкери иштен алынды

17:44, 29 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Тергөө абактарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, аларга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын № 1 тергөө абагынын контролеру Ж.Т.А. мыйзамсыз акчалай сыйлык алуу үчүн камакка алынган адамдарга уюлдук телефондорду бир нече жолу жашыруун алып өткөнү аныкталган. Пландык тинтүү иш-чараларынын учурунда Ж.Т.А. уюлдук телефондорду жашырып, тинтүүдөн кийин айыпталуучуларга кайтарып берип турган. Аталган факты боюнча ЖАК кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат.

Ошондой эле Ош шаарындагы № 5 тергөө абагынын бөлүм башчысы Т.К.М.  20 миң сом акчалай сыйлык үчүн уюлдук телефонду тергөө камак жайына жашыруун алып барып, айыпталуучуга бергендиги аныкталган. Жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Т.К.М кызматынан бошотулган.